Казакстан Кытайга газ экспорттоосун көбөйтөт

КазМунайГаз менен Кытайдын улуттук мунай компаниясынын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

888709
Казакстан Кытайга газ экспорттоосун көбөйтөт

Казакстан, Кытайга газ экспорттоосун жылына 10 миллиард куб метрге чейин көбөйтөт.

Казакстандын мамлекеттик мунай компаниясы КазМунайГаздын билдирүүсүндө, КазМунайГаз менен Кытайдын Улуттук мунай компаниясынын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлгөнү белгиленип: «Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кытайга казак газынын экспортунун жылына 10 миллиард куб метрге чейин көбөйтүлүшүнө карата макулдашуу түзүлдү»,-делди.

Билдирүүдө Кытайга газ экспорттоонун стратегиялык мааниси баса белгиленип, казак газынын Кытайга экспорттолуусунда эки өлкөнүн ортосундагы келишимдердин жана «Нурлуу жол» менен «Бир алкак-Бир жол» долбоорлорунун ишке ашырылышынын абдан мааанилүү экени айтылды. 

Казак газынын өткөн жылдын октябрь айында Кытайга экспорттоло баштаганы белгиленген билдирүүдө, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Кытайга жалпы газ экспортунун 2017-жылы 13,4 пайыз өсүп, 38 миллиард 700 миллион куб метр болгону маалымдалды.



Тектеш кабарлар