Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыкты баштоого расмий старт берилди

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунун аймагында 2018-жылдын сентябрь айында өтөт

871224
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыкты баштоого расмий старт берилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыкты баштоого расмий старт берди. Өкмөт башчы Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунун аймагында 2018-жылдын сентябрь айында өтөрүн билдирди. 

Сапар Исаков өз сөзүндө, 2012-жылдын августунда, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан дүйнөлүк коомчулукка Көчмөндөр оюндарынын долбоору сунушталгандыгын эске салды. Премьер-министр көчмөндөрдүн маданияты жана цивилизациясы бул дүйнө жүзүндөгү эң байыркылардан. Ал жыл сайын жаш муундар арасында кеңири сүймөнчүлүккө ээ болуп жатат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул этно-маданият менен этно-спорттун тогошкон уникалдуу аянтчасы. 

Ошондой эле Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көчмөндөр цивилизациясына тийиштүү илимий конференциялар өтөт», - деди Сапар Исаков.



Тектеш кабарлар