Кастамону Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору

Талапкерлигин ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлери колдоду

861925
Кастамону Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору

Кастамону шаары, Эл аралык түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ) тарабынан 2018-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды.

Казакстандын Түркстан шаарында өткөрүлгөн ТҮРСОЙдун Туруктуу кеңешинин кезектеги 35-жыйынында Кастамонунун маданий борбор болуу талапкерлигине ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлери тарабынан колдоо көрсөтүлдү.

Жыйынга катышкан маданият жана туризм министринин орун басары Хүсейин Йайман сөз сүйлөөсүндө: «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору программасынын алкагында 2013-жылы Эскишехирде өткөрүлгөн Түрк элдеринин маданий шаң-шапатынын дагы бир жаңысын өткөрүү ниетиндебиз. Ушул алкакта 2018-жылы кооз өлкөбүздүн түрк шаары Кастамонунун тандалышына абдан кубанычтабыз»,-деп айтты.

Йайман 2018-жылы ТҮРКСОЙдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилей тургандарын да билдирди.

Орто эсеп менен 375 миң калктуу Кастамону тарыхый жерлери жана кооз жаратылышы менен адамдарды өзүнө тартып турат.

65 пайызы токойлор менен курчалган Кастамонуда өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын көп түрлөрү бар. Ошондой эле 170 километрдик жээги менен Карадеңиздин эң узун жээк тилкесине эгедер.



Тектеш кабарлар