Түркия - Түркмөнстан ортосунда документтердин тастыкталышы

Түркияда даярдалган документтердин Түркмөнстанда жарактуу болушу үчүн маалымат билдирилди.

853189
Түркия - Түркмөнстан ортосунда документтердин тастыкталышы

 Түркмөнстанда иш алып барган көп сандаган фирма, мекеме жана кишилерди маалыматтандыруу максатында Түркиянын Ашкабат элчилиги тарабынан билдирүү жарыяланып жаңы ишке ашыруу тууралуу маалымат берилди.

Маалыматта документти тастыктоо тууралуу ишке ашыруулар кенен түрдө белгиленүүдө. Ушул боюнча Түркияда даярдалган документтердин Түркмөнстанда жарактуу болушу үчүн ;

- Даярдалган документке кол коюу жана мөөр басуу, документти даярдаган мекмеге караштуу облустук администрация тарабынан тастыкталышы; андан кийин администрациялык кол коюу жана мөөр басуунун Түркия республикасынын тышкы иштер министрлигинин Анкара – Балгат негизги имаратынын консулдук бөлүмүнөн тастыкталышы; акыркы болуп бул документтин Анкарадагы Түркмөнстан элчилиги же Түркиянын Ашкабат элчилиги тарабынан тастыкталышы керек.

Түркия республикасынын тышкы иштер министрлигинин кол коюу жана мөөр басуу Анкарадагы Түркмөнстан элчилиги тарабынан тастыкталса Түркиянын Ашкабат элчилиги тарабынан тастыкатылышынын кереги жок.

Түркмөнстанда даярдалып Түркияда колдонула турган документтин тастыкталуу процессинде да ушуга окшогон процесске өтүлдү.

Түркмөнстандын тийиштүү мекемелери тарабынан даярдалган документтер оболу Түркмөнстан тышкы иштер министрлиги тарабынан бекитилет; андан кийин Түркмөнстандын тышкы иштер министрлиги тарабынан бекитилген документтин кол коюу жана мөөр менен тастыкталышы да Түркиянын Ашкабаттагы элчилиги тарабынан аткарылат.

Маалыматта түркмөн тилинде даярдалган документтердин Түркиянын Ашкабат элчилиги тарабынан таанылган котормо бюролору тарабынан которлушунун да мурунтадан болгондой элчилик тарабынан бекитилери жарыяланды.



Тектеш кабарлар