Казакстандын президенти : "Дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согуштун алдында"

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2016 -  жылы 104 өлкөдө террордук кол салуунун болгондугун белгиледи.

846582
Казакстандын президенти : "Дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согуштун алдында"

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2016 -  жылы 104 өлкөдө теракт болгондугун белгилеп, географиялык  өлчөмү жактан каралганда «3 – дүйнөлүк согуштун алдында",- экендигин айтты. Президент Назарбаев борбор шаар Астанадагы Назарбаев борборунда өткөрүлгөн  3 -  Астана клубунун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө эл аралык терроризмдин абдан олуттуу коркунуч болгондугун белгиледи.

«Терроризм чек билбейт. Бүгүн дүйнөнүн кандайдыр бир жери кулатуучу, сокку уруучу жери болушу мүмкүн»,- деген Назарбаев үчүнчү миң жылда террордук кыймылдар жана курман болгон киши санынын 10 эсе арткандыгына көңүлдөрдү бурду. Назарбаев террордук кыймылынын өнүккөн өлкөлөрдөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө өткөндүгүн белгилеп, глобалдык терроризм индексине караганда 2015 – жылдын терроризм жактан Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюму ОЕСД өлкөлөрү үчүн эң жаман жыл болгондугун билдирди.

Жалган исламдык агымдарынын бир топ өлкөгө агрессивдүү түрдө кирип, таасир берүүчү аянтын кеңейткендигин белглеген Назарбаев : «Баш  - аламандыктарга карабастан дүйнө күчтөрү, Жакынкы Чыгышта ДЕАШ менен күрөшүүнү координацияда ийгиликтүү болду, бирок террористтер башка өлкөлөрдө клетка түзө башташты. Бул бүткүл Евразия үчүн бир чакыруу»,- деди.

«Корея жарым аралындагы абал баарынын каршы чыгышына жол ачууда. Чоң күчтөрдүн арасында баллистикалык ракеталык коргонуу, ядролук куралдын азайтылышы тууралуу пикир биримдиги жок. Бул бардык маселелер чечилбей турат»,- деген Назарбаев өлкөсүнүн дүйнөдө ядролук куралдан баш тарткан биринчи өлкө экендигин баса белгиледи. Назарбаев Жакынкы Чыгыш жана Африка аймактарында аскердик кыймылдардын көптөгөн жылдарга созулгандыгын, Афганстан, Ирак, Украина жана Тоолуу Карабахтагы абалдын да белгисиздигин сактагандыгын белгиледи. Глобалдык араздашуудагы күч алуунун куралдарга болгон талаптын артуусуна себеп болгондугун айткан Назарбаев аскердик каржоонун өткөн жылы 1, 7 триллион долларга жеткендигин билдирди.



Тектеш кабарлар