Назарбаев жаңы казак алфавитин бекитти

Назарбаев латын алфавитине өтүүгө байланыштуу жарлыкка кол койду

835445
Назарбаев жаңы казак алфавитин бекитти

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, латын тамгалары колдонулган жаңы казак алфавитин бекитти.

Назарбаев кирилл алфавитинен латын алфавитине өтүүгө байланыштуу жарлыкка кол койду.

Казакстандын Президенттигинин расмий интернет баракчасында жарыяланган жарлыкта, алфавитти өзгөртүү үчүн комиссия түзүлө турганы белгиленип, латын алфавитине өтүүнүн 2025-жылга чейин баскыч түрүндө ишке ашырылаары билдирилди.

Казакстанда 2018-жылдан тарта окуу китептеринин 32 тамгадан турган жаңы казак алфавити менен басылып чыгышы жана 2025-жылга чейин бардык китеп, мезгилдик чыгарылыш жана расмий документтердин латын алфавити менен жарыяланышы пландалууда.



Тектеш кабарлар