Азербайжандын тышкы иштер министри Польшанын тышкы иштер министри менен жолугушту

Эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин эки министр биргелеше пресс жыйын өткөрүштү.

829787
Азербайжандын тышкы иштер министри Польшанын тышкы иштер министри менен жолугушту

Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Меммедияров Европа Биримдиги менен карым – катнаштарды өнүктүрүнүн Азербайжан тышкы саясатынын алдыңкылыктарынын бири экендигин белгиледи.

Меммедияров Түштүк Кавказия турунун биринчи аялдамасы катары Азербайжанга барган Польшанын тышкы иштер министри Витольд Ващиковский менен жолгушту. Эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин эки министр биргелеше пресс жыйын өткөрүштү.

Меммедияров Польша менен Азербайжандын Европа Биримдиги,  НАТО, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюуму ЕККУ жана Вишеград тобунун  негизинде терең карым – катнаштарга ээ экендигин айтты. Польшалык кесиптешине Азербайжандын жеринин бүтүндүгүнө берген колдоо үчүн рахмат айткан Меммедияров транспорт жана энергия темаларын сүйлөшүшкөндөрүн билдирди.

Европа Биримдигине мүчө 10 өлкө менен стратегиялык ортоктук келишимине ээ экендерин эске салган Меммедияров : «Европа Биримдиги менен кызмтаташтыкты өнүктүрүү Азербайжан тышкы саясатынын алдыңкылыктарынын арасында. Азыр болсо энергетика темасында кызматташтыкты улантуудабыз»,- деди.

Ващиковский да Азербайжандын өздөрү үчүн маанилүү бир өлкө экендигин айтты. Азербайжандын Европанын энергетика өткөрүүчүлөрүнүн бири экендигин белгилеген Ващиковский Азербайжан сыяктуу ишенимдүү бир өлкөнүн польшалык туристтер үчүн ылайыктуу болорун белгиледи.

 



Тектеш кабарлар