Түркия - Өзбекстан саламаттык сактоо жумасы

5 -  Түркия  - Өзбекстан саламаттык сактоо жумасы Өзбекстанда башталды.

818601
Түркия  - Өзбекстан саламаттык сактоо жумасы

 

Түркия жана Өзбекстандын саламаттык сактоо министрликтери Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги башкармалыгы ТИКА жана Өзбекстандын ден соолугу бекем бала фондунун кызматташтыгы менен өткөрүлгөн иш чара Термиз шаарында өткөрүлүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу жана протокол мекемесинин төрагасы Ариф Четиндин жетекчилигинде 15 дарыгерден турган түрк делегациясы 6 -  октябрга чейин улантыла турган саламаттыкты сактоо жумасынын негизинде Термиз балдар ооруканасында 130дан ашуун балага пластикалык хирургия кызматын берет.

Өлкөнүн түштүгүндөгү аймактарда жашаган жана тамак – эрин жырыктары, күйүү жана төрөттөн калган издер сыяктуу маселелери болгон өзбек балдар акысыз операция болот. Операцияларда колдонулган бардык медициналык материалдар менен дарылар Түркия тарабынан берилет. Түрк дарыгерлери саламаттык сактоо жумалыгынын негизинде өзбек дарыгерлер менен тажрыйбаларын бөлүшөт.



Тектеш кабарлар