Казакстандын президенти Н. Назарбаев Түркиянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө президенттер эки тараптуу карым – катнаштардын перспективаларына токтолуп, бир топ эл аралык актуалдуу маселелер тууралуу пикирлерин билдиришти.
786696
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кечээ 8 - август күнү Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Акорда басма сөз кеңешчилиги бул тууралуу кабар жарыялады. Сүйлөшүүдө президенттер эки тараптуу карым – катнаштардын перспективаларына токтолуп, бир топ эл аралык актуалдуу маселелер тууралуу пикирлерин билдиришти.
Түркия республикасынын президенти алдыбыздагы сентябрь айында Астанада боло турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 1 - билим жана технология саммитине катышуу үчүн Казакстанга расмий сапар менен барарын билдирди.