Түндүк Кипр Түрк Республикасынын заманбап айыл - чарба лаборатоиясы болот

Лабораторияда тропикалык мөмөлөрүнүн өндүрүлүшү да максат кылынууда.

741626
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын заманбап  айыл - чарба лаборатоиясы болот

Түндүк Кипр Түрк Республикасында заманбап айыл – чарба лабораториясы курулат.

Пайдубалы 22 -  майда түптөлгөн Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин калкандуу технология өрөөнүндө ачык аба лабораториясында эң жогорку түшүмдүү айыл – чарба продукциялары чыгарылат.

Лабораторияда тропикалык мөмөлөрдүн өндүрүлүшү да максат кылынууда. 15 миң 700 метр квадраттык жабык аянтка ээ болгон КАЛТЕВ изилде  - өнүктүр комплексинин биринчи этабы 2018 -  жылы сентябрь айында, экинчи этабы болсо 2019 – жылы сентябрь айында кызматка ачылат.

Геополитикалык абалынан улам Европа, Жер Ортолук деңизи жана Жакынкы Чыгыштан глобалдык фирмаларды бул жакка тартып, изилдөө, өнүктүрүү жана инновациянын борбору болууну максат кылган КАЛТЕВ Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин 60 жылдан ашуун тажрыйбасы менен Түркиянын изилдөө -  өнүктүрүү саясаттарына багыт берген жол башчы ролунун Түндүк Кипр Түрк Республикасына өткөрүлүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт.

 



Тектеш кабарлар