Чыңгыз Айтматовдун ысымы Стамбулдагы парктардын бирине берилет

Жазуучу, журналист жана котормочу болгон Чыңгыз Айтматов Түркияда чыгармалары эң көп окулган чет элдик адабиятчылардын бири...

733094
Чыңгыз Айтматовдун ысымы Стамбулдагы парктардын бирине берилет

Түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы Стамбулдун Малтепе районундагы парктардын бирине коюлат.

Малтепе муниципалдык кеңеши, Айтматовдун ысымын бир паркка берүүнү чечти. Парктын курулуш ишинин даярдыктары уланууда.

Улуу жазуучунун «Жамийла», «Кызыл жоолук жалжалым», «Кылым карытар бир күн» чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө жарыяланып таанымал болгон.

Залкар жазуучунун «Кызыл жоолук жалжалым» повести боюнча Түркияда кино тартылса, «Кылым карытар бир күн» 1998-жылы Орусияда сахналаштарылды.

Жазуучу, журналист жана котормочу болгон Чыңгыз Айтматов Түркияда чыгармалары эң көп окулган чет элдик адабиятчылардын бири...

1928-жылы туулган улуу жазуучу 2008-жылы 80 жашында дүйнөдөн кайтты.



Тектеш кабарлар