Анкарада кыргызстандык студенттердин "Достук" турнири
Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов жана КРнын Анкара шаарындагы элчиликтин кызматкерлери катышышты
731931
13-май күнү Анкарадагы кыргыз студенттеринин катышуусунда "Достук" турнири болуп өттү. Спорттук турнирди Анкара студенттик кеңеши уюштурду. Студенттер спорттун: футбол, волейбол, кол күрөш жана шахмат түрлөрү боюнча ат салышышты. Бул турнирдин максаты кыргыз студентерибизди ынтымактуу алып жүрүү. Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов жана КРнын Анкара шаарындагы элчиликтин кызматкерлери катышышты. Бул турнир алгачкы жолу былтыр өткөрүлүп, көп сандаган студенттерди жолугуштурган.