Түркия менен Азербайжан машыгуу өткөрүп жатат

Аскердик машыгуу 5-майга чейин уланат

723441
Түркия менен Азербайжан машыгуу өткөрүп жатат

Түркия менен Азербайжандын куралдуу күчтөрү Азербайжанда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүп жатышат.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Түркия менен Азербайжандын ортосундагы аскердик кызматташуунун алкагында өткөрүлүп жаткан машыгуунун негизинде тажрыйба алмашылып, эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы координациянын өнүктүрүлүшү максатталганы белгиленди.

Аскердик бөлүктөр менен катар брондолгон унаалар, миномет, учак, тик учарлар жана абадан коргонуу системалары орун алган машыгууда атуулар ишке ашырылды.

Аскердик машыгуу 5-майга чейин уланат.



Тектеш кабарлар