Азербайжан армиясы

Азербайжан армиясынын кеңири масштабдуу машыгуусу уланып жатат

717274
Азербайжан армиясы

Азербайжандын Куралдуу күчтөрү баштаткан кеңири масштабдуу аскердик машыгуунун алкагында буталарга ок атылды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, президент Илхам Алиев бекиткен пландын алкагында 16-апрелде башталган машыгуунун бүгүнкү баскычында атуулар болду.

30 миң аскер, 250дөн ашуун танка жана брондолгон унаа, орто эсеп менен 200 ракета системасы жана миномет, 25 согуштук учак жана тик учар, жаңы муундагы радиоэлектрондук унаалар менен учкучсуз учактар орун алган машыгууда буталар ийгиликтүү жок кылынды.

Аскердик машыгуу эртең аяктайт.   



Тектеш кабарлар