Назарбаев Нобелдин Тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөтүлдү

Президент Назарбаев мурдагы жылдарда да Нобель сыйлыгына көрсөтүлүп келген

682243
Назарбаев Нобелдин Тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөтүлдү

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Нобелдин Тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөтүлдү.

Казакстандын расмий маалымат агенттиги Казинформда орун алган кабарга караганда, Швейцариянын Базель шаарындагы Тынчтык илим жана изилдөө институнун директору Алин Варе социалдык медиа аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө, президент Назарбаевди жана «Атом» долбоорунун ардактуу элчиси Карипбек Куюковду ядролук куралдарды жок кылуу аракеттиренен улам Нобель тычтык сыйлыгына талап көрсөткөнүн белгиледи.

Алин Варе Нобель комитетине тапшырган кайрылуу арызында Назарбаевдин 22 жылдын ичинде ядролук куралдарды жок кылуу тармагында маанилүү иш-чараларды жүргүзгөнүн жана аракетин улантып келе жатканын сөз кылды.

Президент Назарбаев мурдагы жылдарда да Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтүлүп келген бирок сыйлыкка ээ боло элек.



Тектеш кабарлар