«Сырдуу казына» Көк түрк айкелдери

Кыргызстандагы Орто Азияда курулган алгачкы түрк мамлекети көк түрктөргө таандык адам фиргуралуу  балбал таштар зыяратчыларын күтүүдө

671017
«Сырдуу казына» Көк түрк айкелдери

 

Көк түрктөр мезгилинде  жасалган адам фигуралуу таш айкелдер башкача айтканда таш балбалдар кийим – кече жана согушчул күбөлүктөрүн чагылдырган катуу жүздөрү менен мезгилдин социалдык жана маданий  турмушун чагылдырууда.

Көчмөн маданияты менен да байланыштуу болгон жана түрдүү табигый таштардын жонулуусу менен жасалып, тигилген бул балбалдар мезгилдин аң – сезимин, салтын күнүбүзгө алып келген көркөм өнөр чыгармалар мүнөзүндө.

Кыргызстан – Түркия «Манас» университетинин көркөм өнөр факультетинин мугалими доцент Абдуллах Карачаг берген маалыматында : «Кыргызстанда таш материалдардын жонулуусу менен жасалган балбалдар, аталарыбыздын бул аймакта исламиеттен мурда Көк түрктөр мезгилинде жасалан чыгармалар»,- деди.

Аймактагы эрте мезгилдеги түрк жана ислам өнөрү тууралуу эмгектерди жүргүзгөн Карачаг, Сибирден Кытайга, Монголиядан Балкандарга чейин  үлгүлөрү болгон  балбалдардын түрктөрдүн жайылган аймактарын көрсөткөндүгүн белгиледи.

Жергилкитүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусун тарткан адам фигурасындагы таш айкелдер Кыргызстандын түндүгүндөгү Чуй жана Ысык – Көл аймактарында ачык аба музейинде зыяратчыларын күтүүдө.



Тектеш кабарлар