Илхам Алиев Брюсселде
Илхам Алиев Европа Биримдигинин тышкы карым – катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бельгиянын борбор шаары Брюсселде.
Илхам Алиев Европа Биримдигинин тышкы карым – катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту. Бир саатка жакын созулган сүйлөшүү тууралуу эч бир маалымат берилген жок. Алиев күндүн ичинде Европа Биримдигинин координация төрагасы Жан - Клод Юнкер, Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен да ар башка жолугушат. Азербайжан жана Европа Бирмидигинин ортосундагы карым – катнаштар 2015 - жылы Европа Парламентинин өлкөдөгү адам укуктары абалын сынга алган чечиминен кийин бузулган болчу.
Ноябрь айында Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн өкмөттөрү, Азербайжан менен 1999 – жылы кол коюлган Өнөктөштүк жана Кызматташтык Келишиминин актуалдашуусуна болгон колдоосун билдирип, өткөн жумада да эки тарап Бакуда жолугушкан.
Азербайжан менен карым – катнаштар Европа Биримдиги үчүн энергетика тууралуу Орусияга болгон көз карандылыгын азайтуу жактан чоң мааниге ээ болууда. Азербайжан газынын 2019 - жылдын биринчи чейрегинде Грузия, Түркия, Греция, Албания жана Италиядан өткөн Түштүк газ коридору аркылуу Европа Биримдигине жеткирилиши максат кылынууда.