Дача-Сууга кулаган учактын кара кутусу иликтенди

КМШ өлкөлөрүнүн авиация комитети (МАК) 16-январда Кыргыстандын борбор калаасы Бишкекке жакын жердеги Дача Су айылына кулап түшкөн жүк ташуучу учактын кара кутусун иликтеди.

658361
Дача-Сууга кулаган учактын кара кутусу иликтенди

КМШ өлкөлөрүнүн авиация комитети (МАК) 16-январда Кыргыстандын борбор калаасы Бишкекке жакын жердеги Дача Су айылына кулап түшкөн жүк ташуучу учакта техникалык ката болбогонун жарыялады.

МАКтын төрагасы Леонид Каширскийдин маалымат жыйынында: «Кырсыкка байланыштуу бардык сценарийлер жана учкучтардын иштери иликтенүүдө, учактагы шаймандар менен техникалык иликтөөлөр жүргүзүлүүдө. Кырсык болгон убакта учактагы бардык системалар оң иштеп жаткан»,-деди.

МАК учактын кара кутуларын да иликтегенин жана техникалык бузуктукка байланыштуу эч кандай маалымат орун албаганын да баса белгилеген Каширский, учакта кандайдыр бир жарылуучу зат же коркунучтуу заттын орун албаганын да айтты.

МАКтын төрагасы кыйрандыдан алынган документтерде, учактагы жүктүн Стамбулдагы бир кардарга таандык экенидиги жана Бишкекке жасалган күйүүчү отун алуу үчүн учуроо техникалык жактан пландуу болгонун баса белгиледи.

МАК, учактын кошумча күйүүчү отунун албастан Стамбулга кандай болсо да жетмек эместиги көз карашында болгонун айткан Каширский: «Бардыгы жүктүн көлөмүнө байланыштуу, жүк канчалык көп болсо күйүүчү отун да ошончолук аз болот. Учакта 86 тонна жүк бар болчу, күйүүчү отун алыш үчүн конууга аракет кылган»,-деди.

Каширский учактын эмне себептен түшкөнүнүн жыйынтыгын чыгарыш үчүн эң аз 4-6 айлык убакыт керектелээрин айтты.

Леонид Каширский азырынча комитеттин алдын ала отчет даярдаганын жана бул отчеттун жакынкы убакта учактын америкалык жасап чыгаруучу фирмасына жана колдонуучу өлкө Түркияга жибериле турганын белгилеп кетти.

Борбордук кеңсеси Стамбулда орун алган АСТ аба жолдоруна таандык жүк ташуучу учагы 16-январда Бишкектеги эл аралык «Манас» аэропортуна коноор маалда отурукташкан жердеги үйлөрдүн үстүнө кулаган.

Кырыз жооптуу кызматкерлер учактын кулашынын себебинен экөө учкучтан турган 4 экипаж менен бирге 35 Кыргызстан жаранынын каза болгонун, 16 кишинин жаракат алганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар