Кыргызстанда кулаган учактын кара кутуларын иликтөөгө түрк адистери да катышат

Дача-Суу айылына дүйшөмбү күнү кулап түшкөн жүк ташуучу учактын кара кутусу түрк адистеринин да катышуусунда иликтене турганы белгиленди.

655346
Кыргызстанда кулаган учактын кара кутуларын иликтөөгө түрк адистери да катышат

Кыргызстандагы Эл аралык «Манас» аэропортунун жакын жериндеги Дача-Суу айылына дүйшөмбү күнү кулап түшкөн жүк ташуучу учактын кара кутусу түрк адистеринин да катышуусунда иликтене турганы белгиленди.

КРнын Премьер-министринин биринчи орун басары Мукамбеткалый Абдулгазиев, Премьер-министрликте өткөрүлгөн маалымат жыйынында кечээ Москвага жөнөтүшкөн АСТ аба жолдоруна таандык жүк учагынын кара кутуларынын түрк адистердин катышуусу менен иликтене турганын айтты.

Абдулгазиев, эл аралык эрежелерге ылайык кара кутулардын иликтенишинде учактын ээси абалындагы фирманын адистеринин да катышуусу керектигин эске салып, фирманын адистеринин иликтөөгө катышуусун күткөндөрүн айтты.

Кырсык болгон жерди иликтөөлөр, КМШнын Мамлекеттер аралык авиация комитети (МАК), Түркиядан Жарандык авиация башкы директорлугунун 2 адиси, кыргыз тарабы, АСТ аба жолдору менен өндүрүшчү фирма Боингдин адистери тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстандын борбор шаары Бишкектин Эл аралык «Манас» аэропортунун жакын жериндеги Дача-Суу айылына АСТ аба жолдоруна таандык учак, аэропортко коноор маалда 16-январда Түркия убактысы боюнча саат 04:20да кулап түшкөн, кырсыкта экипаж менен бирге 38 киши каза болгон.

Бир тараптан каза болгон экипаждан үчөөнүн сөөгү Түркияга алып келинди. Ардактуу эс алуудагы аскерлер, аскердик расми менен туулган жерлерине узатылды.



Тектеш кабарлар