Кыргызстанда кулап түшкөн учактын чоо жайы жана аза күтүү

Кыргызстанда, Түркиянын жүк ташуучу учагы коноор маалда кулап түшүп  37 киши каза болду.

652524
Кыргызстанда кулап түшкөн учактын чоо жайы жана аза күтүү

Кыргызстанда, Түркиянын жүк ташуучу учагы коноор маалда кулап түшүп  37 киши каза болду.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Мукамбеткалый Абулказиев, Гонконг-Бишкек катаммы менен келе жаткан жүк таштуучу учактын жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:30 чамаларында Бишкекке жакын жердеги Дача-Суу айылына кулап түшкөнүн маалымдаган.

Кырсык болгон жерге жеткен куткаруучу топтор төртөө учкучтан турган 37 кишинин жансыз денесин чыгарды. Каза болгондордон Түркия жарандары экөө учкуч, экөө жүк жүктөөчү кызматкерлер болгону аныкталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин жарыясына караганда каза болгондордон көпчүлүгү учак кулаган аймакта жашаган тургундар экени маалымдалды.

Кырсыкта каза болгондордон экөө учкуч, экөө жүк ташуучу кызматкер болуп 4 экипаждын болсо түрк экендиги белгиленди.

Жаркат алган 6 кишинин дарылануусу уланууда. Учак кулаган айылда 15 үй зыянга учурады.

Кырсыктан кийин Бишкектеги Эл аралык «Манас» аэропорту убактылуу транспортко жабылганы белгиленди.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен "Гонкгонг-Стамбул каттамы менен келе жаткан "АСТ аба жолдору (МуСарго)» авиакомпаниясына таандык экени айтылган "Боинг – 747" учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн.

Кыргыз адистери учкучтардын кандайдыр бир шашылыш абал маалыматын бербегендерин, бирок учак конуп баратканда тыкыс тумандын себебинен көрүү аралыгы 150 метрге түшкөнүн айтышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда 2017-жылдын 17-январын (эртең) расмий аза күтүү күнү деп жарыялады.

Учактын кара кутусунан бирөө урандынын астынан чыгарылды. Эртең эл аралык адистерден турган комиссиянын кара кутуну иликтөөсү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар