Түркия жана Евразия карым-катнаштары-2

Түркия менен Түрк Республикаларында 2016-жыл кандай өттү?

649274
Түркия жана Евразия карым-катнаштары-2

Түркия менен Түрк Республикаларында 2016-жыл кандай өттү?

2016-жылы Түркия жана Түрк Республикалары көптөгөн окуяга күбө болушту. Биз да бул жумадагы программабызда аймакта болгон негизги окуяларга көз чаптырабыз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар. 

2016-жыл Түркия менен Борбордук Азиядагы Түрк Республикалары үчүн оор жыл болду. Терроризм жана дүйнөлүк экономикалык төмөндөө күн тартипти түздү.

Түркия

Түркия 2015-жылдын 1-ноябрындагы шайлоодон кийинки саясий ырааттуулукка карабастан 2016-жылдын ичинде көптөгөн орчундуу маселелерге дуушар болду.

Мамлекеттик мекемелердеги мыйзамсыз уюмдашуунун себебинен Түркия Республикасы тарабынан коопсуздук коркунучу деп жарыяланган ФЕТӨ, 15-июль түнү кандуу аскердик төңкөрүш аракетин кылды. Төңкөрүш аракетинин түрк улутунун тайманбастан танкалардын астына чыгып жана президент Эрдогандын чечкиндүү лидерлиги менен токтотулушу Түркия үчүн бурулуш жер болду.

Сириядагы кризистен азыктанган террордук уюмдар  ПКК менен ДЕАШ Түркияда террордук кыймылдарды кылышты. Бул кыймылдар менен бирин-бири азыктандырган жана жашыруун шериктештик түзгөн бул эки уюм Стамбул, Анкара, Адана, Кайсери, Газиантеп жана Диярбакыр шаарларында кол салууларды кылышты. Түркия ушул террордук уюмдарга каршы агуст айында «Евфрат калканы» кыймылын баштатты. Түрк куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен Эркин Сирия армиясы тарабынан Азез-Жераблус багытынын ДЕАШтан тазаланышы болсо ДЕАШ менен ПККга каршы күрөштө маанилүү кадам болду.

Түркиянын экономикасы дүйнөлүк экономикалык рецессия жана террордук кол салууларга карабастан 2016-жылдын биринчи жарымында олуттуу өсүү көрсөттү. Төңкөрүш болгон үчүнчү чейректе болсо бираз төмөндөө болду.

Казакстан

Казакстандын экономикасынын чоң үлүшү мунай зат экспортуна негизделген. Ушул себептен мунай бааларындагы төмөндөө Казакстандын акча бирдиги тенгеге терс таасирин тийгизди жана тенге кунун жоготту. Буларга карабастан Казакстандын экономикасы Назарбаев жетектеген акылдуу саясаттардан улам бул процесстен таасир албастан чыгып кетти.

Казакстанда 20-мартта өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо үч партия парламентке кирди. Добуштардын 82,15 пайызын алган Нур Отан партиясы 83, Ак жол партиясы 7,18 пайыздык добуш менен 8 жана коммунисттик партия 7,14 пайыздык добуш менен 7 мандатка ээ болду.

Июнь айында Акдөбө шаарында радикалдуу топ тарабынан куралдуу кол салуу болду. Кол салуудан 7 адам каза таап, 20 адам да жаракат алды. Кол салгыч террорист Руслан Куликбаев, Казакстанда буга чейин эч ишке ашырылбаган  өлүм жазасына тартылды.

2016-жылдын октябрь айында ачылган Кашаган мунай зат аянтында 8-9 миллион тонна мунай жана 5 миллиард куб метр газ өндүрүлөт. 2017-жылы мунайдын баасы 50 доллар деп эсептей турган болсок өлкөнүн бюджети 135 миллион доллар пайда табат.

Түркмөнстан

Негизги киреше булагы болгон газ бааларынын үч жыл мурдагыга салыштырмалуу дээрлик жарым жартылай төмөндөшү 2016-жылы Түркмөнстанды экономикалык жактан кыйнады. Түркмөнстан бул маселесин чечүү үчүн жаңы долбоор иштеп чыкты. Кытайдын колдоосу менен түркмөн газын Кытайга ташый турган түтүк жол салып жатат. Бул долбоор аркылуу Түркмөнстандын Кытайга 30 миллирд куб метр газ экспорттой тураны божомолдонууда.

Газ секторундагы рецессиянын айынан бул тармакта эмгектенген түркмөндөрдүн 50 пайызы жумушсуз калды. Газ секторундагы рецессия өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизди жана ун, шекер, май сыяктуу негизги азыктарга болгон талапта да маселелерге себепчи болду.

Түркмөнстан туруктуу бейтарап мамлекет статусунан улам эл аралык уюмдардан жана берки мамлекеттерден маселелерине байланыштуу колдоо суроодон алыс турууда.  Бирок бул процессте Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин (Түрк кеңеши) мүчөлөрүнөн колдоо алса көйгөйлөрүнүн кыска мөөнөттө чечилүүсүнө жардамчы болмок. Түркмөнстандын Түрк кеңеши менен алакаларын өнүктүрүшү бардык жагынан (экономикалык, маданий ж.б) өзүнө пайда алып келет.

Өзбекстан

Өзбекстанда үчүн жылдын эң негизги окуясы 2-сентябрда президент Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайтышы болду. Каримов көз жумгандан кийин президенттикке Шавкат Мирзеев шайланды. Мирзиеев мезгили Өзбекстан үчүн жаңы доордун  башталышы. Каримов; Түрк кеңеши менен катар аймактык кызматташтык иштерине алысыраак саясат жүргүзүп жаткан эле. Бул саясаттын өзгөрүшү аймактагы бардык актерлорго жана Өзбекстанга пайда алып келүүчү мезгилдин каалгасын ачышы мүмкүн.

Кыргызстан

Кыргызстандын мунай зат жана газ тармактарында кардар абалында болушу 2016-жылы төмөндөгөн баалардан улам экономикасын бираз жеңилдетти. Кыргызстандын кен байлык секторундагы (өзгөчө алтын) тышкы инвестор маселеси 2016-жылы да уланды. 2017-жылдын аяктарына пландалган президенттик шайлоо алдыбыздагы жылдын эң маанилүү күн тартип беренелеринин бири болот.

Азербайжан

Мунай зат жана газ бааларындагы төмөндөө, негизги өндүрүүчүлөрдөн Азербайжандын экономикасына 2016-жылы терс таасирин тийгизди. Мунай зат менен газ Азербайжандын өлкө ичи дүң продукциясынын 30 пайызын камсыздоодо. Азербайжан 2017-жыл менен бирге газ жана мунайдан толугу менен көз карандысыз өнүгүү моделин өнүктүрүүнү максаттап жатат. Бул үчүн үстөлүндө İMF колдогон реформа пакети бар. Азербайжан 2017-жылдан тарта айыл чарба, маалыматтык технология, туризм сыяктуу тармактарын өнүктүрөт.

Азербайжандын армяндар тарабынан басылып алынган Тоолуу Карабах аймагында Азербайжан менен Армениянын ортосунда 1994-жылда түзүлгөн ок атпоо келишимине карабастан катуу кагылышуулар болду. 2016-жылы 2-5-апрель күндөрүндө болгон окуялар тарыхка төрт күндүк согуш катары катталды. Бул согуш ошол эле учурда 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан бирок ушул учурга чейин ийгиликсиз болушунан улам өзгөчө Азербайжан тарабынан сындалган ЕККУнун Минск тобунун канчалык таасирсиз экендигин да ортого салууда.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар