Өзбекстанда экспорттоого тыюу салуу жоюлду

Дан, эт жана сүт азыктары, шекер, өсүмдүк майы, булгары жана жибектен чийки заттар да болгон кээ бир продукциялардын өлкө тышына экспорттолушуна уруксат берилди

648497
Өзбекстанда экспорттоого тыюу салуу жоюлду

Өзбекстанда араларында дан, эт жана сүт азыктары, шекер, өсүмдүк майы, булгары жана жибектен чийки заттар да болгон кээ бир продукциялардын өлкө тышына экспорттолушуна уруксат берилди.  

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан кол коюлган чечим менен өлкөдө мындан мурда кээ бир продукциялардын экспорттолушуна тыюу салуу жоюлду.

Президент Шавкат Мирзиёев тарабынан кол коюлган чечим боюнча мындан мурда тыюу салынган дан, ун жана ундан жасалган азыктар, уйдун эти менен тоок эти, эт жана сүт азыктары, шекер, өсүмдүк майы, булгары, антика буюмдар, түстүү металл калдыктары, жибек жана жибек калдыктары мындан кийин өлкө тышына экспорттоло алат.

Сөзү болгон продукциялардын өлкө тышына сатылышы үчүн бул продукциялардын экспорттолушуна байланыштуу контрактын мамлекеттик бажы башкарууларына сунушталышы керек. Чечимдин өлкөдөгү демилгечилердин колдоого алынышы жана иш чөйрөсүнүн жакшыртылышы максатында чыгарылгандыгы билдирилди.

Өзбекстан өкмөтү мындан мурда стратегиялык мааниге ээ же өлкөдө иштелген жана ички каржоого гана жете турган продукцияларды өлкө тышына экспорттолушуна тыюу салган болчу.

 



Тектеш кабарлар