Казакстанда бир имарат кулап 9 киши каза тапты
Казакстандын Караганда аймагында 5 кабаттуу бир имараттын бир бөлүгү кулап 9 кишинин каза болгондугу билдирилди
642163
Казакстан чукул абалдар комитетинен берилген маалыматка караганда кечээ кечинде Шахан айылындагы 5 кабаттуу бир имараттын бир четинин кулаган.
Изилдөө – куткаруу иштеринде үчөөсү бала болгон 9 кишинин сөөгүнүн табылгандыгы белгиленди.
Уранды астынан бир киши жаралуу куткарылды. Караганда губернатору Нурмухамбет Абдибеков журналисттерге берген маалыматында имараттын жылытуучу казанынын жарылуусу менен кулагандыгын айтты.