Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп өттү

Комиссия добуш бергендердин 80 пайызынын  референдумду колдошкондорун билдирди

628530
Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп өттү

Кыргазстанда эл Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо үчүн референдумга катышты.

Эл 22 шаар жана 405 отурукташуу жеринде район жана айылдык кеңештин мүчөлөрүн шайлоо үчүн добуш берди. Шайлоодо 35 саясий партиядан 7 миң 211 талапкер, 595 орундук үчүн жарышты.

Элдик добуш берүүгө сунушталган конституциялык долбоор үчүн референдумга катышкан эл иш алып баруу жоопкерчилигин күчтөндүргөн конституциялык өзгөртүүлөрдү жактаган добуш берди.

Кыргызстандын Борбордук Шайлоо Комиссиясы алгачкы жыйынтыктарды билдирди.

Комиссия добуш бергендердин 80 пайызынын  референдумду колдошкондорун билдирди. Конституциялык өзгөртүүлөр премьер – министр жана вице – премьерлердин депутаттыгынын алынбашы, жергиликтүү башкарууларга дайындоо жоопкерчилигинин премьер – министрге өткөрүлүшү сыяктуу темаларды камтууда.

Өлкөдөгү конституциялык референдум  жана жергиликтүү шайлоо процессин башта Түркия болуу менен 200гө жакын чет элдик жана миңдеген жергиликтүү байкоочу иликтеди.



Тектеш кабарлар