Кыргыз кол өнөрчүлүк жана белектик буюмдары Анкарада тартууланды (видео)

Түрк маданияттарын таанытуу уюму ТҮРКСОЙдун чакыруусу менен Кыргызстандан келген көп сандаган кол өнөрчүнүн буюмдары да көргөзмөгө коюлду...

623604
Кыргыз кол өнөрчүлүк жана белектик буюмдары Анкарада тартууланды (видео)

Анкара соода палатасынын көргөзмө залы Конгресиумда РЕМ жарманкелер уюму уюштурган Өлкөлөрдүн 13-эл аралык кол өнөрчүлүк жана белектик буюмдары көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмө 2-декабрда башталып 11-декбарга чейин уланат. Түрк маданияттарын таанытуу уюму ТҮРКСОЙдун чакыруусу менен Кыргызстандан келген көп сандаган кол өнөрчүнүн буюмдары да көргөзмөгө коюлду...

2-декабрда иш-чаранын ачылышы болуп ага бир канча өлкөнүн элчилик кызматкерлери катышты. Ага Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинин маданият атташеси Айжан Сагынбекова да катышып сөз сүйлөдү.

Айжан айым кол өнөрчүлүк кыргыздарда эзелтен бери келе жаткан салт болгонун, анда кыргыздар жүндөн кийиз жасап, териден булгаары жасап, жаратылыш шарттарына жана кооздугуна да айкалыштырып күнүмдүк турмушунда ар дайым колдонуп келгенин айтты.

Иш-чарада Крым татарлары өз өнөрлөрүн тартуулашты.  Ошондой иш-чарага комузун көтөрө келген Айдай Сабитова айым комузун чертип залды жаңырта ырдап берди.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги да  кыргыздын боз үйүн тиктирип, кыргыз кол өнөрчүлүк жана белектик буюмдарын тартуулады...Кол өнөрчүлүк жана белектик буюмдарды алып келген кыргызстандыктар өз ойлорун да бөлүшүштү...

Анкара жана чөйрөдөгү облустардан келген түрк калкы абдан кубануу менен белектерди алып жатышат.

 



Тектеш кабарлар