Казакстан улуттук акча күнү

Казакстан көз карандысыздыгынын 25 - жылында Назарбаевдин фотографиясы түшүрүлгөн акчаны басып чыгарды

611311
Казакстан улуттук акча күнү

Казакстан улуттук банкы өлкөнүн көз карандысыздыгынын 25 – жылында үстүндө президент Нурсултан Назарбаевдин фотографиясы түшүрүлгөн 10 миң теңгелик акча бастырды.

Казакстан улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев, Тынчтык жана шайкештик сарайында 15 -  ноябрь улуттук акча күнүнөн улам өткөрүлгөн «Казакстандын көз карандысыздыгына 25 жыл : Улуттук Акча» деген темадагы конференцияда жаңы эстелик акчалар танытыларын айтты. Акишев сөзүндө: «Көз карандысыздыгыбыздын тарыхы президентибиз менен байланыштуу. Ошондуктан өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын 25 -  жылын жана өлкөбүздүн өнүгүшүндөгү президентибиздин кошкон салымын чагылдырган эстелик акчаны таанытып жатабыз»,- деди. Эстелик акчалары Туңгуч президент күнү катары белгиленген 1 -  декабрда сатууга чыгат.

 



Тектеш кабарлар