Кыргызстандагы тарыхый түрк архитектурасынын үлгүлөрү

Токмоктогу Бурана мунарасы

590229
Кыргызстандагы тарыхый түрк архитектурасынын үлгүлөрү

Орто Азияда миң жыл мурун исламиетти кабыл алган алгачкы түрк мамлекети караханийлер дооруна таандык мунара жана күмбөздөр мезгилдин маданияты менен архитектурасынын үлгүлөрү.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндө 840 – 1212 – жылдары Түркстан менен Мавераүннехирде (Сыр Даря) бийлик кылган караханийлер доорунда курулган курулуштар, бышкан кыш менен курулган архитектурага өтүүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ болуп жана көркөмдүүлүгү менен көз уялтат.

Түрк уруулары огуз, ягма, уз жана аздардан турган караханийлерге таандык бул чыгармалар азыркы күндө жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусун тартууда.  

Кыргызстандын түндүгүндө Токмок (Баласагун) жана түштүгүндө Өзгөн шаарларында эки борбор шаарга ээ болгон караханийлердин бул жерлерде кылымдар мурда курган мунара , көзөмөлдөө мунарасы жана күмбөздөрү бар. Токмокто тарыхый жана маданий отурукташуу жеринде 26 метр бийиктиктеги Бурана мунарасы өзгөчө архитектурасы менен көңүлдөрдү бурууда.

Теңир тоолорунун жана жашыл Чүй өрөөнүнүн табигый кооздугуна салымын кошкон Бурана мунарасы жайгашкан аймакта жасалган археологиялык казууларда таш тегирмен, дыйканчылыкта колдонулган таш курал – жарактар табылган.

Караханийлер мурас калтырган, Өзгөн шаар борборундагы кызыл кыштан курулган Өзгөн мунарасы 27, 4 метр бийиктикте.

Фергана өрөөнүнүн чыгышында Кара – Дарыянын жээгинде археологиялык – архитектуралык ачык музей комплексинин аянтында орун алган мунара тарыхый Жибек Жолу багытында.

Мунара жайгашкан аймакта бышкан кыштан курулган жабык чоң күмбөз көзгө урунат. Жанаша үч бөлмөлүү жана бир гана кирүүчү эшиги болгон күмбөздүн караханийлер доорунда өкүмдарларга, үй – бүлөлөрүнө жана белгилүү кишилерге таандык экендиги болжолдолууда. Бул жерде жүргүзүлгөн казуу иштеринде бир жыл мурун алтымышка жакын адам калдыгынын бар экендиги белгиленүүдө.

Караханийлердин 932 – жылы исламиетти кабыл алган биринчи Караханий өкүмдары Сатук Бугра Хан түрк ислам тарыхынын улуу акыны жана ойчулу Юсуф Хас Хажиб Түркстан аймагында ислам дининин жайылуусуна абдан чоң салым кошкон Имам Шерахси жана түркчөнүн биринчи сөздүгү деп кабыл алынган Диванү Лугат – и Түрктү жазган Махмут Кашгари сыяктуу белгилүү кишилер чыккан.



Тектеш кабарлар