«Орусия менен АКШнын кызматташтыгына соң берүүсүнөн тынчсыздануудабыз»

Казакстан башкаруусу Орусия менен АКШнын Сирия кризисинин чечилишинде кызматташтыкты соңуна чыгаруудан тынчсыздангандыгын билдирди

583151
«Орусия менен АКШнын кызматташтыгына соң берүүсүнөн тынчсыздануудабыз»

 

Казакстандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Орусия менен АКШнын Сириядагы абалдын чечилишинде кызматташтыкка соң бериши терең санааркоо жараткандыгы белгиленди. Бул абалдын Сирияда кишилердин каза болушунун артуусуна себеп болору баса белгиленип, кризистин чечилиши үчүн түзүлгөн бардык келишимдерди да коркунучка салары билдирилди.

Дүйнөнүн эки негизги актерунун ортосундагы келишпестик жана боштуктун күч алуусунан тынчсыздануулардын болуп жаткандыгы белгиленген маалыматта бул абалдын кагылышуунун токтотулуусуна жана Жакынкы Чыгыштагы ырааттуулуктун түзүлүшүнө мүмкүнчүлүк бербей тургандыгы белгиленди.

Маалыматта андан мурда Казакстандын Орусия менен АКШнын ортосундагы Сирия кризисинин чечилишине байланыштуу биргелешкен планды колдогондугу эске салынып : « Сирияда тынчтык үмүтүн берген бул пландын ишке ашпашынан тынчсыздануудабыз. Сирия калкынын кыйынчылыктардан  жана адамзаттык кризисти ашып өтүүсү үчүн эки тарапты сүйлөшүүлөрүн кыска убакытта кайрадан баштоого чакырабыз»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар