Папа Франциск Кавказ өлкөлөрүндө

Грузияга барган папанын экинчи аялдамасы Азербайжан

580997
Папа Франциск Кавказ өлкөлөрүндө
papa, gürcistan.jpg

Католик дүйнөсүнүн руханий лидери Папа Франциск Кавказ өлкөлөрүнө сапарга чыкты.

Грузияга барган папанын экинчи бекети Азербайжан.

Папа Франциск Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушуп, андан соң миңдеген киши катышкан сыйынуу аземине жетекчилик кылды.

Анда көптөгөн жерде адамдар кыйынчылыктарды тартып, адилетсиздикке дуушар болуп жаткан мезгилдерде адамдардын сүйүүгө жана тилектештикке көбүрөөк муктаждыгы бар экенин айтты.

Папа Францисктин Азербайжанда да Тоолуу Карабах маселесинин тынчтыкчыл жолдор менен чечилишине карата чакырык салышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар