Казакстандын убактылуу өкмөт башчысы
Казакстанда өкмөт башчы алмашты
567843
Казакстан Республикасында премьер-министрлик кызматты убактылуу түрдө Бакытжан Сагынтаев жүргүзөт.
Казакстандын басма сөзүнөн алынган маалыматка караганда, президент Нурсултан Назарбаев кол койгон токтом менен мурдагы премьер-министр Карим Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалды.
Өлкөдө жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин кабинеттин мүчөлөрү өз ишин улатат жана премьер-министрлик кызматты убактылуу түрдө вице-премьер Бакытжан Сагынтаев жүргүзөт.