Атамбаев Эрдоганга көңүл айтты

Кыргызстан эли боордош түрк элинин аза кайгысын тең бөлүшүп, Түркиянын терроризмге каршы чечкиндүү күрөшүн колдойт

557246
Атамбаев Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Газиантептеги 54 киши каза болгон террордук кол салууга байланыштуу президент Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын телеграммасында  Кыргызстан эли боордош түрк элинин аза кайгысын тең бөлүшүп, Түркиянын терроризмге каршы чечкиндүү күрөшүн колдой тургандыгы белгиленди.

Президент Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айтып, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Газиантеп шаарында 20-август ишемби күнү кечинде үйлөнүү той учурунда террордук уюм ДЕАШ 12-14 жаш курактарындагы баланы жандуу бомба катары колдонгон. Кол салуудан көпчүлүгү балдардан турган 54 киши каза таап, көп сандаган киши да жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар