Азербайжан Каспий деңизинде машыгуу өткөрүүдө

Машыгуу 3 күнгө созулат.

557052
Азербайжан Каспий деңизинде машыгуу өткөрүүдө

Азербайжандын Деңиз күчтөрү Каспий деңизинде машыгуу өткөрүүдө.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, президент Илхам Алиевдин буйругу жана бекиткен пландын алкагында Деңиз күчтөрүнүн Каспий деңизинде машыгуу баштаганы белгиленди.

Аба күчтөрү менен ракета жана замбирекчи бөлүктөрү да катышкан машыгууда, Каспий деңизиндеги операция аймагында энергетика инфраструктурасынын корголушу үчүн биргелешкен иштердин пландалышы максатталууда.

Аскердик машыгуу 3 күнгө созулат.



Тектеш кабарлар