Бакуда үчтүк саммит өттү

Лидерлер саммитте энергетика, транспорт, терроризм менен күрөшүү, Каспий деңизинин статусу сыяктуу бир топ маселелерди талкууга алышты.

548620
Бакуда үчтүк саммит өттү

Азербайжан, Иран жана Орусиянын президенттери Баку шаарында үчтүк саммитте жолугушту.

Лидерлер саммитте энергетика, транспорт, терроризм менен күрөшүү, Каспий деңизинин статусу сыяктуу бир топ маселелерди талкууга алышты.

Саммиттин кожоюну болгон Азербайжандын президенти Илхам Алиев үчтүк жолугушуунун аймактык туруктуулук үчүн мааниси зор экендигин белгиледи.

Алиев: «Орусия-Иран-Азербайжан ортосундагы үчтүк жолугушуу форматы аймактардын туруктуулугу үчүн маанилүү. Мындан сырткары экономикалык кызматташтыктын өнүгүшү үчүн да эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү. Андыктан жолугушууларыбыз мындан ары да улана берет»,-деди.

Орусиянын президенти Владимир Путин региондук өнүгүүдө үчтүк жолугушуу форматы чоң роль ойной тургандыгын айтты.

Бүгүн мамилелерибизде жаңы барак ачылууда деген Путин: «Дал ушундай форматка муктаждыгыбыз бар болчу. Мындай алакалар Каспий аймагынын тезирээк өнүгүшүн шарттайт»,-деп ишендирди.

Ирандын өлкө башчысы Хасан Рухани да Иран тышкы саясатынын бирден-бир максаты коңшу өлкөлөр менен болгон алакаларды өнүктүрүүдө экенин баса белгиледи.

Рухани: «Саммиттин уюштурулуусу 3 өлкөнүн ортосундагы алакалардын бекемделиши үчүн абдан маанилүү болчу. Кошуна мамлекеттер менен болгон мамилебиздин чыңдалышы Ирандын тышкы саясатынын артыкчылыгы»,- деп баалады.

Саммиттин аягында лидерлер биргелешкен декларацияга кол койду.

Декларацияда терроризм менен биргелешип күрөшүү, энергетика, транспорт, туризм сыяктуу тармактарда кызматташтыктын дагы да күчөтүлүшү белгиленген.



Тектеш кабарлар