Түркиядагы мекендештерге кам көргөн коом

КТРК кызматкерлери жана КТМУнун студенттери Кыргызстан достук жана маданият коомунун Анкарадагы өкүлчүлүгүнө барышты.

543583
Түркиядагы мекендештерге кам көргөн коом

Түркияда 15-июль күнү болгон төңкөрүш аракетинде мекендештер бизге тынымсыз чалып жатышты. Алардын арасында ыйлап байланышка чыккан эжелер да болду деген “Кыргызстан достук жана маданият” коомунун өкүлдөрү колубуздан келишинче маалыматтык, моралдык колдоо көрсөтүп жаттык деп айтышты.

Дал ошол Түркияда жайгашкан коомго ТРТ каналында тажрыйба өтөп жаткан  КТРКнын кызматкерлери жана студенттер барып таанышып кайтышты. Анда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери  аталган коомдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Коом студенттер арасында ар кандай иш-чараларды уюштуруп, жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүп турушат экен.

Аталган коомдун катчысы Адилет Абишов:  “Түркияда иштеп жүргөн мекендештер үчүн кыргыз жана түрк тилдеринде “Достук” жана балдарга арналган “Бүчүр” журналдары жарык көрөт. Коом менен эки журналыбыздын ишине Түркиядагы кыргыз ишкерлеринин жетекчиси,коомдун төрагасы Айбек Сарыгулов көп жардам берип турат,” – деп айтты.

Мындан сырткары коомдун жигердүү жаштары Түркиянын 22 шаарында жашаган мекендештерибизге  жыл сайын эстафета уюштуруп келишет. Үстүбүздөгү жылы алгачкы жолу   “Анкара достук лигасы” таймашын уюштурдук.  Ага 8 команда катышып, жалпысынан 110 киши ойногон.

Кыргызстандан ТРТга тажрыйба алмашуу, практикадан өтүү максатында келгендерге, Түркияда жашаган  мекендештерге жолугушууларды, жаңы жыл жана поэзия кечелерин  уюштуруп, жагымдуу маанай түзүп берүүгө аракет кыларын айтышты.

Айта кетсек, декабрь айында акын, жазуучу Омор Султановдун 80 жылдык мааракесин утурлай, жазуучу Айдарбек Сарманетов, обончу, аткаруучу Абидин Темировдун катышуусунда поэзия кечесин өткөрүшкөн.

 



Тектеш кабарлар