Евразияга сереп салуу-30

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон сапары

537919
Евразияга сереп салуу-30

 «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон сапары  жөнүндө сөз кылабыз.

13-14-июлда Германиянын канцлери Ангела Меркель, президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу боюнча Кыргызстанга расмий иш сапары менен барды. Меркелди 13-июлда «Манас» эл аралык аэпортунда президент Алмазбек Атамбаев жеке өзү тосуп алды.

Меркель менен Атамбаев эртеси күнү «Ала-Арча» резиденциясында өз алдынча жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүлдү.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында Меркелдин сапарына байланыштуу: «Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына туш келген бул сапар, Германия канцлери сыпатында алгачкы болуп саналат. Ушундан улам абдан маанилүү»,-деп айтты. Атамбаев Меркелдин сапарынын эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарда жаңы мезгилди баштатаарына ишенгенин айтты.

Меркель менен аймактык маселелер, эл аралык терроризм жана радикализм, ошондой эле Европа менен Орусиянын ортосундагы кризис жана Украинадагы кырдаалды сүйлөшкөндөрүн айткан Атамбаев, Европа менен Орусиянын ортосундагы маселелерден Кыргызстандын терс таасир алганын баяндады жана тараптарды тезирээк макулдашууга чакырды.

Атамбаев ошондой эле Европа Биримдиги менен жакын мамиледе болууну каалагандарын сөз кылып, Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болгон Армения жана Казакстан менен жүргүзүлгөнү сыяктуу, Европа Биримдигинин Кыргызстан менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүн өтүндү.

Германия канцлери Ангела Меркель болсо, Кыргызстанга сапарынын максаты эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүү жана Кыргызстанга кандай жардам көрсөтө ала тургандарын билүү экенин белгилеп: «Демократиялык жолду тандадыңар. Бул аймакта ар дайым оңой эмес. Кызматташууга дайыма даярбыз»,-деп айтты. Атамбаевге жылуу тосуп алганынан улам ыраазычылык билдирген Меркель, жолугушууда эки тараптуу мамилелерди кызыктырган темаларды жана аймактык маселелерди сүйлөшкөндөрүн айтты.

Германия канцлери билим берүү тармагында эки тараптуу алакаларды өнүктүргүсү келгендерин жана Германияда билим алып жаткан кыргыз жаштарынын санын көбөйтүү темасына жылуу карагандыгын да сөз кылды.

Германиянын канцлери Кыргызстанга сапарынын алкагында Кыргызстан парламентинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана Жогорку кеңеште фракциясы бар партиянын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүдө Кыргызстандын демократиясын күчтөндүрүү, парламенттер аралык кызматташуу темалары каралды жана Меркель Турсунбековду Германияга чакырды.

Ангела Меркель Бишкекке сапарынын алкагында Кыргызстандагы немис диаспорасы жана университеттин студенттери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

 Германия канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга сапары, акыркы 25 жылдын ичинде ишке ашкан алгачкы сапар болушу жагынан абдан маанилүү болуп саналат. Кыргызстандын президенти Атамбаев болсо 2012-жылы жана 2015-жылы эки жолу Германияга расмий сапар жасаган. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун кезектешкен төрагасы жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер 2016-жылдын март жана апрель айларында Борбордук Азияга сапар жасаган жана кыргызстандык жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Германия-Кыргызстан мамилелери 1992-жылы түзүлгөн жана 1998-жылы эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимден кийин эки тараптуу карым-катнаштардын өнүгүүсү ылдамдаган. Германия Кыргызстанга буга чейин 260 миллион евролук кайтарымсыз жардам көрсөткөн. Германия-Кыргызстан мамилелери Европа Биримдигинин Борбордук Азия Республикалары менен болгон карым-катнаштарынын алкагында да өнүктүрүлүүдө. Тараптардын ортосунда кол коюлган Өнөктөштүк жана кызматташуу келишими менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине Техникалык жардам программасы алдыга чыккан кызматташтык программалары болуп саналат.

Германия канцлеринин Кыргызстанга сапарынын алдында, Европага барган баш калкалоочулар темасы сапар убагында күн тартипке коюлаары айрым медиа органдары тарабынан айтылса да Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул айтымдарды четке какты.

Кыргызстан, ал эмес бүтүндөй Борбордук Азия өлкөлөрү Германия жана Европа Биримдиги менен болгон карым-катнаштарын өнүктүрүшү зарыл. Глобалдашкан дүйнөдө келип чыккан бардык маселелер ар кимге таасирин тийгизүүдө. Украина кризисинин чечилиши, баш калкалоочулар маселесинин жоюлушу, аймакта демократиянын өнүктүрүлүшү, терроризм жана бангизатка каршы күрөшүү, глобалдык ысуу сыяктуу көптөгөн маселеде түзүлө турган кызматташтык эки тарапка тең пайда алып келет. Өзгөчө Евразия өлкөлөрүн камтыган Орток экономикалык аймак демилгесине колдоо көрсөтүлүшү керек. Сентябрь айынын аягында Кыргызстанда өтө турган Германия экономикалык күндөрү, эки тараптуу мамилелердин чабал алкагы болгон экономикалык кызматташууну күчтөндүрөт деп ойлойбуз.



Тектеш кабарлар