CASA-1000 долбоорун ратификациялоо тууралуу мыйзамдарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев төмөндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кол койду:

532062
CASA-1000 долбоорун ратификациялоо тууралуу мыйзамдарга кол коюлду

 

2015-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору) ратификациялоо тууралуу ;

2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү) ратификациялоо тууралуу;

2016-жылдын 4-январында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (CASA-1000) кыргыз бөлүгү) ратификациялоо тууралуу;

Мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 16-июнунда кабыл алынган.

Келишимдерге «Датка» 500 кВ көмөкчү чордондон (Кыргыз Республикасы) «Худжент» көмөкчү чордонуна (Тажикстан Республикасы) жана андан ары Кабул (Ооганстан) аркылуу өтүп, Пешавардагы (Пакистан) өзгөрткүч станцияга чейинки ВЛ 500 кВ электр өткөрүү чубалгысын куруу менен Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун (CASA-1000) жүзөгө ашыруу максатында кол коюлган.

Кол коюлган мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар