Этнофестивалга катышуу үчүн этномода жана этнохит боюнча республикалык сынак жарыяланды

Сынактын жеңүүчүлөрү 2-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында өтүүчү «Nomad Fest» фестивалына катышууга жолдомо алат.

528395
Этнофестивалга катышуу үчүн этномода жана этнохит боюнча республикалык сынак жарыяланды

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун секретариаты жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги этномода жана этнохит боюнча республикалык сынак жарылады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынактын жеңүүчүлөрү сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде 2-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында өтүүчү «Nomad Fest» фестивалына катышууга жолдомо алат.

Сынакка катышуу үчүн арыздар 2016-жылдын 7-августуна чейин кабыл алынат. Конкурс “Супара” этнокомплексинде 12-14-августта өтөт. Байланыш үчүн телефондор: 0312 43-09-47, 0555 104 350.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар