Кипр сүйлөшүүлөрү кечеңдетилди

Президент Акынжы да бул сунушту кабыл алды

515191
Кипр сүйлөшүүлөрү кечеңдетилди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен Рум лидери Никос Анастасиадистин ортосунда бүгүн өткөрүлүүсү пландалган сүйлөшүү Түштүк Кипрдеги токой өрттөрүнөн улам кечеңдетилди.

Президенттиктен берилген маалыматка караганда Рум лидер Анастасиадис Акынжыга Тродос тоосунун этектеринде үч күндөн бери болуп жаткан өрттүн текшерүүгө алына албашынын айынан бүгүнкү сүйлөшүүнүн кечеңдетилүүсүн сунуш кылды. Президент Акынжы да бул сунушту кабыл алды.

Рум лидер Анастасиадис айрыкча Twitter эсебинен  жарыялаган кабарында өрт өчүрүү иштеринде экинчи өрт өчүргүчтүн каза болушунан улам санааркоосун билдирип, өрт болгон аймакка бара жаткандыгын билдирген.

Түштүк Кипрде Тродос тоосу этектеринде чыккан токой өртүн өчүрүү иштери үчүнчү күнүндө да улантылууда. Өрт  өчүрүү иштерине Түштүк Кипр, Греция жана Израилден жалпы 16 учак жана тик учар да колдоо берүүдө. Кипрде  лидерлер БУУнун байкоосунда кенен сүйлөшүүлөрүнүн алкагында акыркы болуп 17 – июнда жолугушкан болчу.



Тектеш кабарлар