Түркмөнстандагы Кыргызстандын маданият күндөрү жыйынтыкталды

Концерттин аягында достук ыры жаңырды

514614
Түркмөнстандагы Кыргызстандын маданият күндөрү жыйынтыкталды

Эки тараптуу кызматташууну ишке ашыруудагы Туркменистандагы Кыргызстандын маданият күндөрү жыйынтыкталды. Бул КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул тарыхый окуя эгемендик жылдарындагы алгачкы эки тараптуу маданий байланыш. Үч күн катары менен концертке зал толо көрүүчүлөр келип, тасмаларга кызыгуусу арткан жергиликтуу тургундар жана кыргыз буюм, тайымдары кол өнөрчүлүгүнө тан берген Туркменистандын элдери арбын болду. Ошондой эле Сентябрь айында өтүүчү Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна катышууга кызыктар экенин билдиришти.

Жыйынтыктоочу концерте Министрликтин статс-катчысы Б.Секимов менен Туркменистандын Маданият министринин орун басары Абдыева Бахаргул Гурбанмырадовнанын куттуктоо сөзү менен башталды. Сахнада Камбаркан фольклордук этнографиялык тобу менен Туркменистандын эл аспаптар оркестри биринен бири өтуп мыкты музыкаларды ойношту.

Кыргызстандан барган солистер Эл артисти С. Садыкова, артистер У. Качкыналиев жана Н. Абасова зал толо көрүүчүлөрдүн мактоосуна жана кол чабуусуна арзыды. Ал эми Ак Марал бий ансамблинин кыздары бий өнөрүнүн бийик денгээлин көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты.

Концерттин сонунда достук ыры жаңырып, эки мамлекеттин желектери желбиреп, ал эми келген эл 10 мүнөт тынбай кол чаап турушту.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар