Түркия крым татарларын жактайт
Сталиндин буйругу менен 1944-жылдын 18-20-майында 200 миңге чукул татарлар Крымдан күчтөп көчүрүлгөн.
Крым татарларынын орустар тарабынан сүргүнгө айдалышынын 72 жылдыгы Укарианада уюштурулган иш-чара менен эскерилди. Борбор шаар Киевде сүргүндө каза болгондор үчүн митинг өткөрүлдү.
Түркия Крым татарларынын демократиялык, тынчтык жана келечек үчүн болгон күрөшүндө жанында болуп, колдоого даяр. Тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Танжу Билгич, Крым сүргүнүнүн 72 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Билгич мырза 1944-жылы күч менен Орто Азияга көчүрүлгөн миңдеген крым татарлары жолдо ачкачылыктан жана ар кандай оорулардан ажал тапканын эске салып, бул тарыхта “Кара тамгалар менен жалзылып калат”,-деди. Орусиянын 2014-жылы Крымды аннексиялап алганын дагы белгилеген тышкы иштер министринин басма сөз катчысы, «биз алдыда дагы Крым татарларын колдоону улантабыз»- деди.
Сталиндин буйругу менен 1944-жылдын 18-20-майында 200 миңге чукул татарлар Крымдан күчтөп көчүрүлгөн. Крым татарлары Орто Азия, Сибирь жана Уралга жер которууга аргасыз болушкан.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.