Тажикстанга гуманитардык жардам

КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң жакыр мамлекеттердин бири болгон Тажикстанга гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө.

477860
Тажикстанга гуманитардык жардам

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн арасында эң жакыр мамлекеттердин бири болгон Тажикстанга гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө.

Тажикстандын мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, бул өлкө ушул жылдын алгачкы үч айында 32 өлкөдөн 11,4 млн доллардык 6,2 миң тонна гуманитардык жардам алды.

Тажикстанга гуманитардык жардам  жөнөткөн өлкөлөрдүн арасында Кытай биринчи орунда турса, андан кийин Орусия, Пакистан, Индия, Дания, Түркия 3,4 пайыз менен, Азербайжан, Франция, Таиланд, Нидерландия жана Америка Кошмо Штаттары турат.

Тажикстан, 2015-жылы дүйнөдөгү 42 өлкөдөн жалпы 45 миллион доллардык гуманитардык жардам алган. Бул өлкөгө гуманитардык жардам жөнөткөн өлкөлөрдүн ичинен Германия, Кытай жана Орусия биринчи орунду ээлеген.



Тектеш кабарлар