Кипр сүйлөшүүлөрү уланып жатат

БУУнун көзөмөлүндөгү бейтарап аймакта өткөрүлгөн сүйлөшүү болжол менен 3 жарым саатка созулду.

474337
Кипр сүйлөшүүлөрү уланып жатат

Кипр маселесине туруктуу чечүүчү жол табуу үчүн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы Рум башкаруучулугунун лидери Никос Анастасиадис менен жолугушту.

БУУнун көзөмөлүндөгү бейтарап аймакта өткөрүлгөн сүйлөшүү болжол менен 3 жарым саатка созулду.

БУУнун башкы катчысынын атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйде менен катар эки тараптын сүйлөшүү делегациялары да катышкан жолугушуудан кийин кандайдыр бир маалымат берилген жок.

Лидерлер ушул айдагы экинчи жолугушуусун 25-апрель дүйшөмбү күнү өткөрүшөт.


Этикеткалар: #Кипр сүйлөшүүлөрү

Тектеш кабарлар