Алмазбек Атамбаев Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркия ишкерлеринин ортосундагы кызматташтык маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

472948
Алмазбек Атамбаев Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-апрелде, Түркиянын соода биржалары жана палаталары бирлигинин төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркия ишкерлеринин ортосундагы кызматташтык маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Түркиянын Соода биржалары жана палаталары бирлигинин төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглу ошондой эле түркиялык компаниялардын Кыргызстандагы ишмердигине жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялар үчүн шарттарды жакшыртуу максатында экономикалык эркиндикти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан аткарылып жаткан иштерге да көңүл бурушту.

Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине кириши жана Евробиримдик тарабынан артыкчылык (ВСП+) макамынын берилиши менен өлкө экономикасынын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын эске алуу менен эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды активдештирүүнүн мааниси белгиленди.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар