Азербайжан Карабахтын үнсүз айкырыгын эл аралык коомчулукка угузууда
Компанияда 1 миллион колдун чогулуусу максат кылынууда
469508
- Азербайжан Карабахтын үнсүз айкырыгын эл аралык коомчулукка угузууда.
- Азербайжандык жарандык коом мекемелери Карабахтагы армян басып алуучулугуна каршы кол коюу компаниясын баштатты. Компанияда 1 миллион колдун чогулуусу максат кылынууда.
- Европа Кеңешинин парламентарлар ассамблеясынын Арменияны Тоолуу Карабахтан эртерээк чегинүүгө чакырган 2 миң 85 номердүү чечиминен кийин Азербайжан жарандык коом мекемелери дагы бир жолу аракетке өттү.
- Ак үйдүн расмий сайтында Армениянын басып алуусуна каршы кол топтоо компаниясы башталды. Компаниянын арызында Европа Кеңешинин парламентарлар ассамблеясынын чечими үлгү катары көрсөтүлүп, Армениянын басып алган жерлерди бошотуусу белгиленди.
- Компанияга www.isgaledurde.com интернет сайтынан же болбосо www.petitions.whitehouse.gov сайтынан ''Establish Justice'' башкача айтканда «Адилеттикти кур» аттуу арыз менен колдоо берилүүдө.
- Армения Карабахты 24 жылдан бери баскын астында кармап турат.
- БУУнун Коопсуздук Кеңешинин басылып алынган Азербайжан жерлеринин бошотулуусу тууралуу чыгарган 4 чечим болсо Армения тарабынан ишке ашырылбай жатат.