Армениянын кол салуусу айыпталды

Армениянын Азербайжан кол салуусуна каршы АКШда, Афранцияда жана Иракта митингдер өткөрүлдү

468031
Армениянын кол салуусу айыпталды
  • Армениянын Азербайжан кол салуусуна каршы АКШда, Францияда жана Иракта митингдер өткөрүлдү.
  • АКШнын Нью – Йорк шаарындагы БУУнун борборунун алдында өткөн митингге жүздөгөн түрк жана азербайжандык катышты. Нью – Йорк полициясы катуу чара көргөн митингде бир группа армяндын тоскоол болуу кыймылы полициянын кийлигишүүсү менен жыйынтыксыз калды.
  • Франциянын борбор шаары Парижде да Арменияга каршы митингдер өттү. Армениянын Париж элчилигинин алдында Азербайжан коомдору тарабынан өткөрүлгөн митингге түрк жарандары да колдоо көрсөтүштү. Митингге чыккандар Азербайжан жана түрк желектери менен бирге «Армения баскыны соңуна чыксын», «Карабах Азербайжандыкы»» деп жазылган плакаттар менен жүрүштү. Митингде Армения баскыны астындагы Азербайжан жерлеринин эртерээк куткарылуусу кааланды.
  • Армениянын кол салууларына Ирактын Эрбил шаарында да каршы чыгуулар болуп, Түркмөнели студенттери жана жаштар биримдиги менен Ирак түркмөн фронтунун жетекчилери тарабынан айыпталды.


Тектеш кабарлар