Элмар Меммедяров менен армян кесиптеши Москвада кол алышып көрүштү

Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Меммедяров менен армян кесиптеши Эвард Налбантяндан үмүт берүүчү кадам

467373
Элмар Меммедяров менен армян кесиптеши Москвада кол алышып көрүштү
  • Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Меммедяров менен армян кесиптеши Эвард Налбантяндан үмүт берүүчү кадам.
  • Эки министр Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүлгөн КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңеш жыйынынын негизинде кол алып көрүшүштү. Кол алышып көрүшүү азери жана армян күчтөрүнүн ортосунда бир жумага жакын убакыттан бери болуп келе жаткан Тоолуу Карабахта тынчтыктын түзүлүшүнө карата үмүттү арттырды.
  • Азербайжан жана Армения шейшемби күнү Орусиянын арачылыгында ок атууларды токтотууну жарыялаган болчу. Бирок Азербайжан армян күчтөрүнүн ок атууну токтотуу эрежелерин бузганын билдирип каршы тараптын кол салуусуна жооп берген.
  • Азербайжан коргоо министрлигинин билдиргенине караганда кагылышууларда 31 Азербайжан аскери шейит болуп, 240 армян аскери каза болду.
  • Бир тараптан тараптар кагылышуу аймагында калган аскерлердин жансыз денелерин алмаштыруу тууралуу келишти.
  • Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта тараптардын жергиликтүү саат боюнча 15:00дөн баштап ок атууну токтотуунун кайрадан түзүлүшү боюнча макулдашышканы белгиленди. Маалыматта ЕККУнун Баку офиси жана Эл аралык Кызыл Крест уюмунун арачылыгы менен 15:00 - 20:00 арасында кагылышуу аянтында калган эки тарапка таандык аскерлердин жансыз денелеринин алынары билдирилди.
  • Ошол эле учурда Азербайжан армиясы Талыш айылынын тегерегиндеги эң бийик чокуга, 24 жылдан кийин кайрадан Азербайжан байрагын тургузду.
  • Азербайжан аскерлери Армения тарабында 2 -5 - апрель күндөрүнүн арасында Агдере, Тертер, Агдам, Хожавенд жана Фузули аймактарында жүргүзгөн операция учурунда кээ бир стратегиялык чокуларды жана отурукташуу борборлорун кайра алган.


Тектеш кабарлар