Казакстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат

107 орундуктуу Казак парламенти 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

454703
Казакстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Казакстан калкы парламенттин астыңкы палатасын белгилей турган мөөнөтүнөн мурда болгон шайлоого барды.

Бийликтеги Нур Отан партиясы чоң айырма менен жеңип чыга турганы белгилүү шайлоолорго 6 саясий партия катышты.

16 шайлоо окуругунда 9 миллиондон ашуун добуш берилди.

107 орундуктуу Казак парламенти 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттеги 98 орундук шайлоодо 7 пайыздык чектен ашкан партияларга, 9 орундук болсо Казакстандын элдер ассамблеясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге бөлүнгөн.

Шайлоо процессин Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардан жана чет элдик өлкөлөрдөн бардыгы 817 байкоочу жана 147 чет элдик басма сөз органдарынын өкүлдөрү байкоодо.



Тектеш кабарлар