Анкарада Түрксойго мүчө өлкөлөрдүн мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселелери талкууланды
Семинарга Казакстандан, Азербайжандан, Кыргызстандан делегациялар келишти жана Түркия мамлекетинини өзүнөн да өкүлдөр катышты.
17-мартта Анкарада эл аралык Түрксой уюмунун штаб-квартирасында «Түрк дүйнөсүнүн Түрксойго мүчө болгон өлкөлөрүнүн мыйзамдарын унификациялоо жана гармонизациялоо» аттуу 2-жумушчу семинары болуп өттү.
Семинарга Казакстандан, Азербайжандан, Кыргызстандан делегациялар келишти жана Түркия мамлекетинини өзүнөн да өкүлдөр катышты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык байланыштар жана протоколдор бөлүмүнүн адистери келип катышты. Семинарда аталган өлкөлөрдүн делегациялары Түрк дүйнөсүнүн Түрксойго мүчө болгон өлкөлөрүнүн мыйзамдарын бири-бирине шайкеш келтирүү маселелери жаатында пикир алышышты.
«Түрксой түрк дүйнөсүндөгү маданият, искусства жаатындагы эл аралык уюм. Биздин уюм түрк дүйнөсүндөгү башка эл аралык уюмдар менен тыгыз карым-катышта болуп турат. Мисалы, Түрк Парламенттик ассамблеясы, Түрк Кеңеши, Түрк Академиясы, Кыргызстанда жаңы түзүлүп жаткан Көчмөндөр цивилизациясы борбору менен дайыма катышып турабыз. Ошондуктан аларда кандай гана иш-чара өтпөсүн дайыма ал тууралуу Түрксойго маалымдап турушат»- деди семинардан соң КыргызстандынТүрксойдогу атайын өкүлү Кожогелди Кулуев.