Эрдоган эртең Бакуга барат
Эрдоган Түркия-Азербайжан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынына катышат
450151
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Түркия-Азербайжан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн 15-мартта Бакуга барат.
Президент Режеп Тайып Эрдоган менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жолугушуусунда өзгөчө TANAP долбоору да каралмакчы.
Ошондой эле 2018-жылы ишке аша турган долбоордун тездетилиши да күн тартибине коюлат.
Транс-Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу долбоору (TANAP), Азербайжан газынын алгач Түркияга андан соң Европага ташылышын көздөөдө.
Каспий деңизиндеги Шах Дениз-2 газ аянты менен Каспий деңизинин түштүгүндөгү башка аянттарда өндүрүлгөн газ ушул долбоор аркылуу ташылат.