Түрк - кыргыз иш форуму

Түркия – Кыргызстан соода жана инвестиция иш форумунун төртүнчүсү борбор шаар Анкарада өткөрүлдү

423882
Түрк - кыргыз иш форуму

Түркия – Кыргызстан соода жана инвестиция иш форумунун төртүнчүсү борбор шаар Анкарада өткөрүлдү. Түрдүү тармактарда протоколдорго кол коюлган форумга бажы жана соода министри Бүлент Түфенкжи менен Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев катышты.

Бүлент Түфенкжи бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандагы түрк инвестицияларына көңүлдөрдү бурду. Кыргызстанда түрдүү тармактарда иш алып барган 300гө жакын түрк капиталдуу фирманын кыргыз экономикасына абдан чоң салым кошконун белгилеген Түфенкжи булардын 5 миң кыргыз жаранын жумуш менен камсыз кылганын да айтты.

Түфенкжи : «Бир гана биз киреше табалы дебейбиз, боордош Кыргызстан да киреше тапсын, бирдикте өсүп, бирдикте байыйлы»,- деди.

Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев да Түркиянын өлкөсүнүн көз карандысыздыгын тааныган биринчи мамлекет болгонун эске салып : «Түркия Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экономикалык жана соода өнөктөштөрүнүн бирөөсү»,- деди.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн арттырууну максат кылышкандарын белгилеген Кожошев форумдун алдыга коюлган максатка жетүү үчүн ташталган кадамдардын арасында орун алганын белгиледи.



Тектеш кабарлар